кой2
- Бир нерсени жайына, белгилүү бир жерге орнотуу, жайгаштыруу.
- Бирөөнү тыюу, токтотуу маанисинде колдонулат.
- Уруу, чабуу, муштоо.
- Уруксат кылуу, эрк берүү.
- Көпчүлүккө арналган сахналык чыгарманы, концертти, кинофильмди ж.б. элге көрсөтүү, демонстрациялоо.
- Радио, приемник, телевизор ж.б. аппаратты сүйлөө же бир нерсе көрсөтүү абалына келтирүү, иштетүү.
- Ишке дайындоо, тургузуу.
- Өлгөн адамды көмүү.
- Киргизүү, сунуш кылуу, талкууга салуу.
- Чыгаруу, пайда кылуу.
- Көмөкчү этиш катарында колдонулуп, капысынан болгонду, күчөтүүнү, өтүнүүнү ж.б. маанилерди билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →