койчу1
- Кой, эчкини асырап, кайтарган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тили таттуу бул элде, / Кеп тапкычы ал эле: / — Айкөл шердин тукуму, / Ак болоттун укулу, / Кайрылып келбей койчудай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей уулум эр эле, / Кең пейилдүү эме эле, / Кан чыккан деп кеп салсам, / Койчу, энеке, деди эле, / Сенден көрдү жамандык, / Ырас болду дегеле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →