козго
- Кыймылдатуу, жылдыруу, бир орундан экинчи орунга которуу, бири-бирине кагылыштырып, козголгон абалга келтирүү, козголтуу.
- Бир нерсе жөнүндө кеп салуу, сөз чыгаруу.
- Бирөөнүн күнөөсү, айыбы боюнча тергөө ишин жүргүзүү, колго алуу.
- Козутуу, ээликтирүү.
- Өткөндү, унут болгонду, эскиргенди кайрадан жаңыртып эске салуу, кайрадан айтып чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коросон барып Дабытай, / Козголбой жатып ала албай, / Талап алган кыргызды, / Малы-пулун айабай, / Эки бөлөк кат жазып, / Саламат менен Ачакан- / Ал экөөнө деп, жазып, / Бат жеткизип келгин, деп, / Жөнөткөн эле бир күнү, / Эки киши аткарып, / Учурап калды Кененим, / Кетемин деп келатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →