кодоо2
- Бою жапыз, кыска, кичине, кодогой.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзалары сүлкүлдөп, / Эми кандай болор, деп, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Чогоолдору чокчоңдоп, / Кодоолору кортоңдоп, / Өтө семиз немеси, / Ээрге батпай көчүгү, / Оодарылып бултулдап, / Жорго басык аттуусу, / Келатышат кылтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сокуру бар, бучук бар, / Шаңдуусу бар, кодоо бар, / Картаңы бар, жашы бар, / Чыйрагы бар, бошу бар, / Ажал чиркин туш келсе, / Жакшы-жаман ылганбай, / Кыйылып башы баратат, / Бардыгы окшош куурайдай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Утур келип жолуна, / Олтура калды талпыйып, / Сейде кылып ханына, / Жата калды жалпыйып, / Бойу кодоо неме экен, / Жер кодоолдой марчыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →