кодой

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Бою кыска, кичине болуп көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бодоңду сайып торойтуп, / Жедигердин Кара көз, / Башын кагып жөнөдү, / Мойну калды кодойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атынан түшө калышып, / Белинде курдан алышып, / Орой-торой чалышып, / Ача кармап силкишип, / Тизелей түшүп оңолуп, / Жыгылганы жок болуп, / Жер кучактап торойуп, / Көөдөндөшүп тирешип, / Тепе-тең турат соройуп, / Баштарында туулга жок, / Кокодой башы кодойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– / Ачууланып ошондо, / Койонаалы чунагың, / Өлсөң өзүң өлгүн деп, / Өлүмдү сонун көрдүң деп, / Кара жаак булдурсун, / Толгой кармап имерди, / Олуйа чалды кодойтуп, / Оройлото жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туулганын баары жоголду, / Баштары коондой кодойду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Узун эмес соройуп, / Кыска эмес кодойуп, / Кабагы бийик, өңү саз, / Эки бети томолок, / Жаткан иттей турат каш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →