код

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Телефон, телеграф, радио аркылуу жашыруун маалыматтарды берүүдө колдонулуучу шарттуу белгилердин же сигналдардын системасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отуз балбан күркүрөп, / От кеткендей дүркүрөп, / Найзалары короктоп, / Баш аламан сороктоп, / Алмаң-телмей көрүнүп, / Баштары келет кодоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таң агарып атканда, / Он беш балбан ороктоп, / Найзалары короктоп, / Башаламан ат койду, / Мойундары кодоктоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бозчаар минип чолоңдоп, / Жөн жүрбөйсүң сороңдоп, / Чукуп алып көзүңдү, / Койо берем өзүңдү, / Элди таппай, жер таппай, / Тентип өлгөн короңдоп, / Жыгылып-кооп кумда жүр, / Жер кодолдой кодоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камдалуу аскер ал экен, / Камсыз аскер бар экен, / Калктан келген калың кол, / Бакандары сороктоп, / Баштары келет кодоктоп, / Жакын жетти короктоп, / Темир кийген балбан бар, / Теңдешкенин алган бар, / Найза сайар шыктуу бар, / Сайышканын жыкчуу бар, / Күрзү күүлөр дөөлөр бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кодо эмес коркойуп, / Узун эмес, койкойуп, / Семиз эмес тултуйуп, / Жоон эмес култуйуп, / Узун эмес сүлкүлдөп, / Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, / Эти жадоо кагалес, / Өтө мыкты чабендес, / Ыкшоолук кылсаң элебей, / Тогуз-он койуп жиберет, / Үстү-үстүнө дембелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →