киши
- Ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, акыл-эстүү жан, адам.
- Аң-сезимдүүлүгү, жөндөмдүүлүгү, кишилик сапаты бар адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ордоңду бузуп талкалап, / Гүлгаакыны олжо алып, / Чынгыш кулду кошо алып, / Кеткен киши Кененим, / Кененимдин баласы, / Бекбача иним сен билгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыйынсынган Байматтын, / Кыйналганын билиптир, / Кыраан Манас солкулдап, / Башкача сонун күлүптүр: / — Онбашым Баймат сен болсоң, / Унуткан кишиң мен болсом, / Мен дале куруп калайын, / Он кишинин ичинде, / Унутулган мен болсом.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылман туулган Керменбай, / Алдынан улак алпар, деп / Кырк баланы куптады, / Келинден тандап ыктуудан, / Кишиге жакын шыктуудан, / Так отузду жумшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →