кичүү

китептерде 65 жолу, 9 китепте
  1. Жаш жагынан кичине, кенже, улуу эмес.
  2. Мансабы, даражасы ж.б. белгилери боюнча төмөн, кичине, кичик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Улууң барсың, кичүүң бар, / Кокүн кебин угуп кал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
— деп, / Алдыртан кабар алыптыр, / Бакдөөлөттүн үч уулу, / Аркасында калыптыр, / Улуусунун бели бош, / Кичүүсү чыйрак окшонот, / Ырыскан, Дөөлөт деп койгон, / Атасынын ордуна, / Элин сурап ээ болгон, / Бакдөөлттөн канча өөдө, / Бели катуу эр болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тоо бойлоп кетти жаш балдар, / Кичүүсү бар, чоңу бар, / Эркек, кызы бир-бирден, / Жуп болушту ушулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайда кыргыз топ болсо, / Карылар издеп таптырчуу, / Малдыбекти келгин, деп, / Оройу кары Малдыбек, / Өзү кичүү болсо да. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Улуу баласынын аты – Ормон, ортончу баласыныкы - Коргон, кичүү баласыныкы - Болгон экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →