кичик

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Кичүү, жашы, мансабы ж.б. белгилери боюнча кичүүлүк жайы бар, улук эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Саламатты Кененим, / Өлтүрүптүр башында, / Мен билбепмин ал кезде, / Өзүм кичик жашымда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бири саргыч жалбырак, / Минген атың куланын, / Тумшугунан куйрука, / Бүт териси жок турат, / Күнгө күйүп жалтырап, / Ириң агып балбырап, / Өзү кичик болсо да, / Жаба салсаң жалбырак, / Бүт баарына жабылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңкейип кетсем кокустан, / Эси жоктор кырылбай, / Жарак таштап баарыңар, / Баш ийип буга туруңар, / Эптеп ага жагынып, / Жакшы, жаман чоң, кичик, / Амал кылып өлтүргүн, / Келбесе алың кайтып бар, / Сен үчүн өлдү эрлер деп, / Сулайматка айтып бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Деп күркүрөп күүлөнүп, / Келгин суудай сүрдөнүп, / Алдыңкы ээрди шалпыйып, / Үстүңкү ээрди калбыйып, / Баса минип төөсүнө, / Бакадан бетер балчыйып, / Бойу коодо неме экен, / Жер мардектей марчыйып, / Башы жалпак, бек кичик, / Карасаң сонун жартийип, / Сейитини бир чапты, / Ажалы кыстап аптыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Алгарамдан өөдө эле, / Өзү кичик мал үчүн, / Начарлык жери ошо эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →