кисе

китептерде 27 жолу, 6 китепте
  1. Калың кайыштан кооздолуп жасалган, оттук таш, куу ж.б. салынуучу, курга боосунан бекитилип, же илинип коюучу тегерек кутуча түрүндөгү баштык.
  2. Жалпы эле кайыш кур (кисе, кын ж.б. бөлүктөрү менен бирге) деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ташка тийген немедей, / Чак этип кайра жанганы, / Чанданды көргөн Чакмакташ, / Андестиги кармады, / Кисепчеден жаңдата, / Күрөөкөсүн көтөрө, / Кара санга сайганы, / Найзанын учу жетиптир, / Узундугу төш жары / Этин тилип кетиптир, / Кара сандан кан агып, / Арыкта суудай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ыптыр, / Туулгасын көмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ы алып, / Эн темир менен канжарды, / Унутуп калбай аны алып, / Колунсакка ок салып, / Мүрүгө илип жааны алып, / Чарайнасын тартынып, / Калканы жонго артылып, / Кисепче менен калдыркан, / Тизеден ылдый салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, / Төбөсүнө чөмөрүп, / Буттап темир курчанып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Туулгасы башта жаркылдап, / Боз кисе жанда шалкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →