кирдүү
- Таза эмес, кири бар, булганч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нускасын элге жайылткан, / Сөз менен элди байыткан, / Көөнү кирдүү ким болсо, / Күзгүдөй ачып жарыткан, / Кеп баштаган өткөндөн, / Өткөн менен кеткенден, / Мукактанып калбаган, / Боз торгойдой сайраган, / Мындайлардан камдаган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кирдүү көйнөк кийбеген, / Өз бойуна ишенген, / Мен тазамын дегенден, / Бирге барды дуулашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Андан башка билбеген, / Кирдүү кийим кийбеген, / Кирдүү айак ашын ичпеген, / Кышта кысыр бээ сойуп, / Жайдын күнү той жеген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →