ким
- Адамдарга карата айтылуучу сурама ат атооч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызга келген кайрыгер, / Ким болосуң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Билер мени сен, — деди, / Бир кишиң кана, ким?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Бул кимдин малы?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →