килит

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. диал. Ачкыч.
  2. Куржундун оозун бири-бирине илиштирип бекитүү үчүн жасалган бүчүлөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дарбазаны бекиткен, / Килити да бир темир, / Кайтарган киши бир канча, / Карабады аларга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оозуна салды килитти, / Түк туйгузбай кишиге, / Катыны дагы билген жок, / Өзү билет ичинде, / Үйүнө кирбей акырып, / Эшигинин алдында, / Жылкычысын чакырып, / Тогуз-ону келиптир, / Үнүн угуп шашылып, / — Жылкычы башы Тилекбай, / Мен айтам кебим, уккун жай, / Ушундан нары жөнөгүн, / Үйүңө кирип олтурбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Падышам Манас баатырдын, / Коргонунун дарбаза, / Коморулуп калыптыр, / А дүйнө кеткен Алмамбет, / Ошол оңдоп салыптыр, / Баш босого аштоосу, / Башка болуп калгандай, / Айаш Бакай, оңдодуң, / Килити чыкпай койгондо, / Келип өзүм оңдодум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Агеркеч кайра келгенде, / Айлынан кепти угуптур, / Жапанга жалдап барарда, / Керимбайга ишенип, / Куржунда пулун Үмүтөй, / Килитин кыркып булуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Оозуна килит салалбай, / Жайылган бойдон мал калган, / Таштаган экен айдабай, / Короонун оозу бекилүү, / Эчки-улак, кой-козу, / Сололуу бойдон мал калган, / Бышылдап жаткан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →