кий2
- Кийимди үстүнө, ийнине, бутуна салуу, кийимчен болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Матадан көрүп белгини, / Нурфанунун билгенин, / Эт көйнөгүн Бекбача, / Күн-түнү жок кийерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жайылып чыгар мал койбой, / Маана кылып жаанда, / Баш калакалар үй койбой, / Сойуп жерге кой койбой, / Суукка кийер тон койбой, / Үрүп чыгар ит койбой, / Азыгы жок, үйү жок, / Бут артарга тайы жок, / Алсыратып шаңкайды, / Таштат атып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Шаарынан чыкты шартылдап, / Жөө тумандай самсаалап, / Ак асаба, көк желек, / Асманда барат калкылдап, / Кийгени соот күрөөкө, / Күн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызылдан кылдап кийгиздим, / Желбестен жорго мингиздим, / Манастын уулу деп жүрдүм, / Качан башка дегиздим?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →