кийит
- Кийим-кечелей берилген белек.
- Кудалар бири-бириникине биринчи ирет келгенде кийгизген же буюм түрүндө берген белектер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Карындын бурчу кап түбү”, / Каадамды менин бергин, деп, / Тогуздап кийит алуучу, / Төө комдотуп жүк жүктөп, / Келинди алып жануучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…дым калчадан, / Карабөрк алдым калмактан, / Кастарлап келин албады, / Кудалык жайын билгин, дейт, / Колунда жетик бар болсо, / Уул атасы Жакып деп, / Кулпунтуп кийит кийсин, дейт, / Уулуңдун кеби ушул экен, / Өзүңдөн жооп кайсы экен, / Башын чайкап бай Жакып, / Мойнун буруп кекендеп, / Бакдөөлөттү жумшады, / Келе кымыз куйг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арууке жасап эки тон, / Ырапыс деп ат койгон, / Баш кийитке салбастан, / Кадырын кийсе билет, деп, / Бирөөн берди Чубакка, / Азамат эрге керек, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айткандан жанбайт Каракан, / Кийитке аркан кериптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Буйрук болду аларга, / Кермеге кийит саларга, / Айланасы бир күндүк, / Аркан тартты талаага, / Ар асылды салдырды, / Арнаган Тыным балага, / “Алты күнү эл көрсүн, / Алынбасын кийит” –деп, / Жар салдырды жана да, / Беш үй катар тигилген, / Бир жагына караса, / Эр оодарыш, жөө күрөш, / Болуп жаткан тамаша.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →