кийим

китептерде 217 жолу, 10 китепте
  1. Адам кийүү үчүн тигилген тон, чепкен, көйнөк, өтүк ж.б. жалпы аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайда кеттиң кармагын, / Канча желдет жолдош, — деп, / Кан кылбай кийимин алгын, — деп, / Кабакка сүйрөп салгын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п, / Кайдан келген адам, деп, / Кайсы жакка барат, деп, / Карап турду көз жайнап: / “Келээр киши жок эле, / Кангайдын Жаңгыр калдайы, / Күйүп турган чок эле, / Кийими башка, түр башка, / Кангайдын эли деги эмес, / Аты башка, тон башка, / Жанжүрбөс чөлү жол башка, / Бир мүшкүл жумуш болгонбу, / Алмадай болгон бул башка? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сарыдан кийим шымданып, / Ак калпак кийип кырданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жети жыл бою жолоочулардын бардыгын багып, кийим, оокат менен камсыз кылат, Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →