кийиз
- Боз үйдүн жабуусун, шырдак, калпак, кементай ж.б. нерселерди жасоо үчүн колдонулуучу жүндөн жасалган калың материал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Айылдан кийиз алышты, / Төрт бурчунан көтөрүп, / Айылга бара калышты, / Чуркураган үндү угуп, / Туйунуп Көкөй калышы, / Жете барып балага: / — Жинди болгон кишиге, / Тегеректеп турбаңар, / Ай менен күндүн кулагы, / Тийишип казак элинде, / Айлыңда турса душмандар, / Жай-жайына тараңар, / Жан сактоо жагын караңар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сүйүнүптүр барлык эл, / Сурнайдай үнү шаңкылдап, / Султан Манас баатырды, / Баштыгына шайлаган, / Ал иштин кылып адатын, / Атасы Мамай санатын, / Ак кийизден жайышып, / Ал кийиздин үстүнө, / Арстан Манас баатырды, / Олтургузуп алышып, / Жетимиш киши көтөрүп, / Төбөсүнө орундун, / Төр жагына өткөрүп, / Хан көтөрдү му…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Эми бүргөнүн азабынан кутулайын" деп, бир кийизди тиштеп алып сууга барды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →