кие
- Чөп, көк чөп.
- Кээде жалпы эле өсүмдүк – жерден өнүп чыккандар маанисинде да айтыла берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Жер тайанып жаты, деп, / Оозунан мөжүк кан кетип, / Мурдунан мээси акты, деп, / Дүбүрөп кирип келгенде, / Көзүн ачып Кененим, / Шермат ханды көргөндө, / Башына киер туулга жок, / Бендеден мындай туулган жок, / Жазганып андан Кененим, / Жанын айап турган жок, / Ал Манастын тукуму, / Жүргөн жери кызыл чок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…/ Кошой келсе сүйлөшүп, / Жасайлы жарак баатырга, / Бакай мындай дегенде, / Төкөр уста Бөлөкбай, / Сөзүн айтты жайма-жай: / — Эп келсе эрге, баатырлар, / Башка киер туулга, / Торгой көз темир бадана, / Күрмө, соот, күрөөкө, / Чарайна керек жүрөккө, / Калдыркан менен кисепче, / Өтө керек бул экөө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олпогумду киер жок, / Колумсаны колго алып, / Белек кылып атар жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Буулумду жайдым абалар, / Бирөөңөр кие салыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сен эркексиңби, бир жерден ичерге тамак, киерге кийим таап келсең боло.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →