кеңкей

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Мурду бучук, теңирейген көрүнүштө болуу.
  2. өт. Мурдун көтөрүп менменсинүү, адамды боюна теңебей көтөрүлүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ырап, / Манжулардын чоң Бодоң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Кереге таштай кеңкейип, / Көөдөндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны карасаң, / Ак мейкин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мылтыктан түтүн бур этип, / Үнү чыкты күр этип, / Ок менен удаа эр Чубак, / Кайкыга чыкса тең жетип, / Ойрон болгон Макил дөө, / Ачылып оозу араандай, / Турган экен кеңкейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзасын кармап какайып, / Ак мейкин зоого такалып, / Өткөндөрүн эске алып, / Кеңкейген тоого кеп салып: / — Керилип жаткан кенен тоо, / Тогуз айдан көбүрөөк, / Кобо албай жаттым Сомбилек, / Заңкайып турган сен болдуң, / Санаадан өңүм сары жез, / Саргарып жаткан мен болдум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →