кеңдик
- Узун-туурасынын, айланасынын же ички көлөмүнүн кең экендиги, чоңдугу, кенендиги.
- өт. Эркиндик, боштондук.
- геогр. Экватордун түндүк жана түштүк жаккы эки тарабынан орун алган мейкиндик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балтыр эти баладай, / Көкүрөктүн кеңдиги, / Тай чабуучу талаадай, / Ай балкайы жиктенип, / Чөп ташуучу чанадай, / Алдыңкы ээрди түйрөйүп, / Ат мине албай нар минип, / Буту жерге сүйрөлүп, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Дал ортосу далдайып, / Көзү экөө болбосо, / Макил дөө келип калгансып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ын шыктуусун, / Кулакка кеби жагымдуу, / Кеп айтууга ыктуусун, / Кычырып келди баарысын, / Тарттырып арак-кымызын, / Жыктырып тайдын семизин, / Кыргыздын пейли кеңдигин, / Кылымда мындай кемдигин, / Кыдыртып жүрүп Медеркан, / Барып кайра келгинче, / Айтып берди бар кебин: / — Эп келеби силерге, / Ал Чигитей баатырга, / Мен Тор…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тиги турган Сейити, / Бир Куткарбас он болсо, / Кеңдиги шордой чоң болсо, / Тереңи туз көл зор болсо, / Бучкагына теңебей, / Кебелбейт да, кенебейт, / Баарыбызды жапырып, / Кара жерге тебелейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Керилип туруп сийген жер, / Бут менен колдун арасы, / Кере бута кеңдиги, / Солбуп бутун тарткан жер, / Жер очоктой ойулган, / Зоо жакка башын бургандай, / Из белгиси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Толкуну көлдүн шарындай, / Кеңдигин көрсөң Таластай, / Келбетин көрсөң Манастай, / Качырганы жолборстой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →