кең

китептерде 627 жолу, 10 китепте
  1. Аянты, айланасы, эни же ички көлөмү кенен, кең-кесири, жайык.
  2. Кеңири, жазы, чоң.
  3. Көп, мол, арбын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей уулум эр эле, / Кең пейилдүү эме эле, / Кан чыккан деп кеп салсам, / Койчу, энеке, деди эле, / Сенден көрдү жамандык, / Ырас болду дегеле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кеңколдо жаткан көп элге, / Салып кирип келди, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →