кеште1

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Бир нерсеге сайылган сайма, саймаланган оймо-чийме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…уз алса, / Таш бербестен бүт алат, / Эки тишти ак колтук, / Ал экөөнөн туз берсе, / Кийин көчтөн кыйналат, / Мээсинен түтүн буу чыгат, / Ойногондо таш санап, / Кеште менен чатыраш, / Ойногондор топ болуп, / Алдырап келе жатса да, / Келе жаткан кишилер / Тура калат токтолуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыздары кийип кызылды, / Кырмызы көйнөк узунду, / Келиндер кийип кетени, / Жаздыкка тартып кештени, / Уулдар кийип шайыдан, / Ай сайын да жаңыдан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жуп кара атка тарттырып, / Аруудан жабуу жаптырып, / Коңгуроолор тактырып, / Сарбаптаган кештелер, / Сарамжалын так кылып, / Каныкей келин ошондо, / Кирип келди бул топко. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…латпай бала уктаткан, / Таласта жатып жай алып, / Жамбашка карыш май алып, / Жаштары ойноп дуулдап, / Улак тартып, кунан чаап, / Карылардын кылганы, / Чатыраш, кеште, кумалак, / Ойноп жаткан кезинде, / Эч нерсе жок эсинде, / Күн батыштан төө тартып, / Майда-барат соода артып, / Төөлөрүн чиркеп чубатып, / Айылдын наркы четин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Азамат Гүлүс кеткели, / Келиним кеште тикпеди, / Же сага нөөмөт жетпеди, / Ажыбайдын айлы деп, / Канчоро хан жектеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →