кечки
- Күн баткандагы, кеч болгондогу, кечтеги, кеч киргендеги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны караса, / Көл болуптур мелтиреп, / Каз каркылдап кечкисиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кечкирип калды аңгыча, / Айжаңжүндүн элинен, / Кернейдин үнү угулду, / Аскерлери айдаган, / Койдой болуп чубурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бар жумушуң бүткөрүп, / Санаасын тындыр буларды, / Самаган ойго жеткирип, / Кызың ээрчип кетпесин, / Сен ойлоно берип кечкирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →