кечиш

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Өткөн-кеткенди унутуп, бири-бирине кечирим кылуу, кечиришүү, жарашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтайлык казак бузулуп, / Жапандакы Кызылдөө, / Жалгыз көздөө жалаңгыч, / Көкбукачан Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Ушаңдын уулу Усанген, / Мурадилдин Карагул,- / Баарын казак кычырып, / Күрпүлдөктүн бойунда, / Кан кечишкен ойунда, / Ошондо элге таанылдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрүнүп турат бул элге, / Деп талыкпас айтканда, / Бекбача айтат мындай деп: / — Ак калпак кыргыз биздин эл, / Далайдан бери карасаң, / Кан кечишип келген эл, / Тетиги турган жоо менен, / Жолугушам эми мен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ын үнү чакылдап, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Баатырлар үнү бакылдап, / Кан сагынган эрээндер, / Тилдери батпай оозуна, / Суусагансып лакылдап, / Аманат жандан кечишип, / Кымындай болгон бир жанды, / Кылга байлап таштады, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кан кечишип, жин чачып, / Уруш кылдык бул жерде, / Алды качып келген кол, / Кайта кетти Бейжинге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…тер жолу тордолду, / Кекейтип күлүк Кара атты, / Кербен бала оңдонду, / Ойроттон алган олжого, / Колундакы найзанын, / Түпөгүн алып таштады, / Түгөтө кырып кан кечиш, / Түйшүктү баатыр баштады, / Белдүү чочко Калдуубет, / Бет келишкен нечен жол, / Бу да кайра качпады, / Же кылчаңдап артына, / Атынын башын тартпады, / Бастыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →