кечир1

китептерде 89 жолу, 10 китепте
  1. Далынын аяк ченине туташкан кемирчек (эски жоокерчилик мезгилинде колго түшкөн душмандын ушул кемирчегин кесип, алсыздандырып таштоо салты болгон).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оодармалуу шум дүйнө, / Оодарылган бир күндө, / Олжого келген Айчүрөк, / Толтойдун уулу Кыйазга, / Баш боолуу болуп бир күндө, / Баш байланган Гүлчоро, / Как далыдан тештирген, / Кечир сөөгүн кестирген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас, Чынача, / Урушканда Ооганда, / Коросон менен испандык, / Коңурбайга алданып, / Барган экен башында, / Кечириптир күнөөсүн, / Келбеттүү Манас падыша, / Испан менен Коросон / Жана келип калыптыр, / Анткор калмак алдаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…минип, / Барган киши мен болсом, / Барбачу киши болобу, / Барбаган ойго койомбу, / Жети күндөн күн болжоп, / Билермендик мен кылдым, / Бул күнөөмдү арстаным, / Кечирсеңиз болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлтүргүчө буга биз, / Көрүнө кордук салалы / Кечирин кесип алалы, / Куу далы кылып салалы, / Деп, ошентип хан Кыйаз, / Туруп алды, айла жок, / Гүлчоронун Канчоро, / Башын кесер чама жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →