кечил1
- Үйлөнбөй, дүйнөдөн так өткөн адам.
- Эпостук чыгармаларда «калмак» деген түшүнүктү билдирет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигерге жетипсиң, / Жеткире айтып кетипсиң, / Эми маминтип жүрөсүң, / Кенчин жерден көтөрүп, / Кеп билбеген кечилдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кечилдин ханы Коңурбай, / Кытайлардан Эсенкан, / Кидандардан чоң Жолой, / Шибелерден Бозкертик, / Солондордун Борончу, / Калмактардын Уушаңы, / Манжулардын Нескара, / Анжулардын Кырмуз шаа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…к муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Коңурбай келип Таласка, / Отуз эки алп басты, / Коркуп андан качпадың, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Кесип башын сен алдың, / Бейжинде өлгөн бектердин, / Баарынын кегин бир алдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →