кечик

китептерде 141 жолу, 10 китепте
  1. Өз убагында, маалында келбей, же кандайдыр бир ишти аткара албай, кеч калуу, үлгүрбөй калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Нурфануну бул жерден, / Тиргизе албайм мен барып, / Жердигине койгула, / Кечиктирбей тез барып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кечикпей үйгө жетем, — деп, / Өөдө-төмөн кеп кылса, / Чаар ичигин жамынган, / Мадыбекти кекетип, / Жазайын колго берсем, — деп, / Алжан, алчын бир элек, / Эки уруктун ичинен, / Бөлүп турсам экен, — деп, / Анан мыктысынган Чигитей, / Карап турсам экен” — деп, / Ат айабай кайра чаап, / Айылына жете барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Албай келсең жакшы эле, / Көп кечигип каласың, - / Деп ошентип Каныкей, / Куну куйуп тышынан, / Нушту берип ичинен, / Эбеп-себеп алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көп кечикпей, кайтып кел, / Кат жазса Кыйаз, алып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →