кетиш
- Ынтымактары, ыркы кетүү, мамилеси бузулуу, араздашуу, ажырашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бет келгенди кыйратып, / Самарканга чогулмак / Болуп тарап кетишти, / Жай-жайына жатышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айрылып аттан турган жөө, / Чубак башын кескени, / Чоң Ылама, дөө Жолой, / Бу дүйнөдөн кеткени, / Чоң Жолойдун Ачбуудан, / Ыламанын Кууказык, / Кангайга кирип кетишти, / Чылбырын сүйрөп түз качып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →