кетик
- Бир жери сынып же кетилип калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бакайды карап кылчайып, / Семетей турду муну айтып: / — Абаке, сенде кебим бар, / Кебимде кетик жерим бар, / Дүрбүнү салып олтурсам, / Чыгыштан келди бир адам, / Айландырып карасам, / Кененимдей ченим бар, / Көкжал атам Манастын, / Тукуму эми үзүлүп, / Калабы деген шегим бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калчадан алдым Накылай, / Калмактан алдым Карабөрк, / Өзү алды деп ойлоду, / Атам эмес бу жүргөн, / Агаларым айтпадың, / Энем аман бар турат, / Же тайым Балта айтпадың, / Кең Букардан кыз көрүп, / Кенедей жерде кири жок, / Кетиксиз айдай ууз көрүп, / Алып берсин аны деп, / Абдылданы атайын, / Мен атама жибердим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чалгыным кетик учаарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →