кети
- Бир нерсенин четинен сындырып, омуруп алуу, кетилген абалга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каада-нарктуу кеп кылсаң, / Кырк балбанын кетирбей, / Кыйратат элем кек кылсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…атты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келгендер, / Көңүлү өстү жетилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күйүп кетти кыпкызыл, / Көгөрүп чыккан кийе жок, / Күйүп Кенкол арыды, / Кызыл күлгө айланды, / Кетирем — деп сасыкты, / Кыргыз кайдан пайда алды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →