кесме
- Камырдан ичке кесилип, тамакка салына турган азык заты жана ушундан жасалган ысык тамак.
- диал. Эки элидей болгон жака.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Суукта, жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Той-соң да, тойбосоң да бир чыны кесме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →