кесер
- Көкүрөк, омуроо (көбүнчө жылкыга карата айтылат) Кесерден кара канды көр («Семетей» С.К.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Испандыктын элинде, / Ала келген пили бар, / Пилдин сырын билип ал, / Жыландан бери иймелген, / Ичегидей чиймелген, / Тумшугунда темир бар, / Тумшугунда темирдин, / Ортосунда учу бар, / Учуна салган курчу бар, / Бир жагында балтадай, / Такталаган сырты бар, / Бир жагында темирдин, / Кылычтай кесер мизи бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Найзада сайаар курч калбай, / Кылычта кесер миз калбай, / Балтада уңгу сырт калбай, / Чыгып кеткен дал-далы, / Чарайынасы бүт калбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канжарлап кардың эшерде, / Каныңды төгөр кезинде, / Тайрайтып төргө жаткырып, / Таарып мойнуң кесерде, / Айлансаң болот жалпыдан, / Айрып алдык кулуңан, / Тосоттоп чыгып бөөдө өлдү, / Карагулуң жолунан, / Жин даарыган бакшы эмес, / Кесир урсун кытайды, / Кечеги сөзү жакшы эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өлтүргүчө буга биз, / Көрүнө кордук салалы / Кечирин кесип алалы, / Куу далы кылып салалы, / Деп, ошентип хан Кыйаз, / Туруп алды, айла жок, / Гүлчоронун Канчоро, / Башын кесер чама жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Бир токойду баш кесер каракчылар уюктаган.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →