керүү2

китептерде 61 жолу, 8 китепте керүү 3 →
  1. Тоонун жапыз бети, түзөң, жайык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Суулуу жерде чөбү жок, / Батыштан көөнү кайтканда, / Чыгышты карай тартканда, / Шор дайраны жакалап, / Чыгышка бара жатканда, / Кээде агын суу бойлоп, / Кээде керүү жер бойлоп, / Кээде деңиз жакалап, / Кээде адыр аралап, / Кээде тулаң күр басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эңкейбей Талас бетине, / Бурулуп түш келген эл, / Талдуу суунун керүүгө, / Андан кийин мен бармын, / Эсебиң алып бир-бирден, / Эдебиңди берүүгө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кошой менен Бакайды, / Ал напага салдырып, / Керүүлөй тартып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керүүдө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар бы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…йчүрөк, / Акшумкар берчи кетемин, / Айчүрөк алып нетемин, / Айчүрөк сени алганда, / Кай мураска жетемин, / Жолго казан аскан күң, / Жолоочу жолун тоскон күң, / Керүүгө казан аскан күң, / Кербенчи жолун тоскон күң, / Тиши буудай болгунча, / Чачы куудай болгунча, / Ак тасма камчы сыдырып, / Эр издейсиң кыдырып, / Саамайың кууда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →