керт
- Кыркуу, кесүү, кыя чабуу, тууроо.
- Кыска, так, даана, кесе.
- Кырка тиштөө, тиштеп кыркуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карылары былк этпей, / Казы кертип жеп жатат, / Тамаша менен кеч кирип, / Жана айланып таң атат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим менен кездешем, / Керт башыма беттешем, / Тирүүлүктөн үмүт жок, / Өлүм жагын жиктешем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кең соорусу келишкен, / Кебездей болгон көкүлү, / Көзүнө ченеп керткендей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →