керки

китептерде 84 жолу, 9 китепте
  1. Балтадан кичине, балтага караганда мизи туурасынан (жалпагынан) келтирилип сапталган, жыгач чабуу, кертүү үчүн колдонулуучу курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он төртүндө Сейитим, / Кең Керкитке барган, дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башына түшүп кыйамат, / Омурткасы зыркырап, / Кабыргасы быркырап, / Каңгара какшап жан кыйнап, / Бүткөн бойу дал болуп, / Кармалбай колу шал болуп, / Чырым уйку албастан, / Канча түрдүү чөп ичип, / Айанбастан көп ичип, / Сүрүп чыкты аңгыча, / Жер агарып күн тийип, / Кесилет чыкты жекеге, / Урчук таштай керкийип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кармап келип керкини, / Аргамжы кылып чачыны, / Бир жагына таш теңдеп, / Артып алып башыны, / Тоодой керкти жетелеп, / Төрөсүн карай бастырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат көтөрбөй, керки жок, / Пил минүүчү эр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Байкап карап көргүлө, / Ойрот зордун кылганын, / Колунда найза зыңгырап, / Белине байлап кылычын, / Чокмор менен балтасын, / Андай темир канчасын, / Алты кырлуу кетелек, / Аны алып энтелеп, / Канча кабат темир тон, / Минген керки чочконун, / Араң басып теңселет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →