керик
- Тумшугунда мүйүзү бар зор жаныбар.
- Эпосто эпикалык душмандардын алп, дөөлөрү минип жүрүүчү күчтүү, зор унаа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Мурду ыштыктай танайган, / Көккө тойгон жазында, / Уй букадай чанайган, / Мындайлары дагы бар, / Ак күмбөздөй башы бар, / Өңөргөн иттей кашы бар, / Атка минбей керик минип, / Буурсундай жиреп буттары, / Арык кылып жер бетин, / Антип жүргөн дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кээ жерде дайра кериктин, / Соорусунда түгүнөн, / Бул окшогон наадандын, / Адам коркот түрүнөн; / Кээ бир жерде шыйрактан, / Кармашарга жоо десе, / Кара бойун чыйраткан, / Акпай, чөкпөй өлбөстөн, / Суудан чыкты бул айбан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп турду өз көзүм, / Ал Сейитке кудайы, / Алда канча күч берди, / Сүздүрбөстөн керикти, / Мурундан толгой кармады, / Такаңдатпай таманын, / Эки колун көтөрдү, / Жерге баса тартканда, / Керктин мойуну бүктөлдү, / Чанак өлдү дардайып, / Керки өлдү тартайып, / Качып келе жатамын, / Көргөнүмдү сага айтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →