кери2

китептерде 11 жолу, 3 китепте
  1. Тетири, тескери, оңго карама-каршы.
  2. Аркасы, желкеси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүлөнүп алган зор Манас, / Көлдүгү менен кери жок, / Көрүнүп турса Коңурбай, / Кечпей койор жери жок, / Жардын башын кулатып, / Сууга кирди чуратып, / Таш ургандай чулп этип, / Чөгүп кетип жоголуп, / Суу көтөрүп калкытып, / Кайта чыкты коройуп, / Этектери жайылып, / Бел кырчоодон малынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калың элдин ичине, / Калкаланды Шыпшайдар, / Хан Манастын жигитин, / Талкалады Шыпшайдар, / Кезенип тартып керичин, / Чалкалады Шыпшайдар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кезек менен кери жок, / Канчоро менен Кызыл дөө, / Кыйамын тапса келтирип, / Баш кеспей кетер кейпи жок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бышыгы менен кери жок, / Чийкиси менен иши жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эркек койдон кырк миңди, / Керикинен, пилден бир, / Сиз алычу керк, пилдер, / Тандалып чыккан миңден бир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →