кере3
- Типтигинен тура калуу, типтик боло калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манастап ураан чакырып, / Кыйрынан жандап качырып, / Найза менен бир койду, / Чылбыр чойуп Зоңтары, / Жер кучактап торойду, / Турумбектин найзасы / Сол колтуктун такырдан, / Кере карыш коройду, / Турумбектин бул найза, / Ченемсиз өткүр куу найза.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ээрдине тийди тамагы, / Кере карыш салынып, / Бүркөлө түштү кабагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоолорго толук кыш болуп, / Жакага жалтыр муз тоңуп, / Саратан жайдын тамызда, / Куруп калган чоң Оркун, / Кыңшылаган кыз болуп, / Кере кулач төш жары, / Эки чети муз болуп, / Төрдө олтурган төрөлөр, / Төшөгүндө кыш болуп, / Кооп сийген эрди көр, / Койнунан колун чыгарып, / Аттан деди Алмамбет,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керилип туруп сийген жер, / Бут менен колдун арасы, / Кере бута кеңдиги, / Солбуп бутун тарткан жер, / Жер очоктой ойулган, / Зоо жакка башын бургандай, / Из белгиси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →