кепич

китептерде 13 жолу, 4 китепте
  1. Булгаарыдан колго ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Аппак сакал жайыла, / Мындай деди хан Кошой: / — Баракелди Манаска, / Айжаркын асыл кайран эл, / Жакшы эле кеңеш кылыптыр, / Жанбашым эми тыныптыр, / Кебез кепич кең белбоо, / Кара чоктуу калмакка, / Калка болгон Коңурбай, / Анжы, манжу, Туңшага, / Арка болгон Коңурбай, / Кырк эшиктүү тешик там, / Кытайлардын Чынгыш хан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдырып келип килемди, / Кепичин буттан чечтирбей, / Таманын жерге тийгизбей, / Алып келди Токоңду, / Манастын жогун билгизбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мен башымды койгон жерди сыйпалап көрсөм, апкыты жантыйган бир жаман кепич урунду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Келсе, бир агасы Чокой деген байга, бир агасы Кепич деген байга малай болуп жүргөн жеринен табат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →