кепин

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Каза болгон адамдын сөөгүн мүрзөгө алып чыгарда орой турган ак мата кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Казынадан беш мата, / Алып чыгып Бекбача, / Нурфануга кепин, де, / Унутуп калбай айткыла, / Акылман энем Каныкей, / Өз колу менен кармаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей кирди нурланып, / Айчүрөк кирди буралып, / Бекер кирбей Айчүрөк, / Аптабага суу алып, / Карыга салып кепинди, / Көр керегин кошо алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Молдого кепин бычтырып, / Жуугандарга он бештен, / Бар кийимин жыш кылып, / Бакайга башын карматып, / Баары журтун жардатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Шейит деп атын аташты, / Жаназа намаз кепинсиз, / Жарма көргө жайлашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →