кепе

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Адам жашоо үчүн салынган кичинекей, жапыз үй, жер там.
  2. Мал же үй канаттууларын киргизе турган кичинекей там.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калмакка болгон каранды, / Элүү бири барганы, / Кененим менен көрүшүп, / Кебин айтып калганы, / Баарысынын кеби окшош, / Өзүмө кишен салды, деп, / Алтын-зарым алды, деп, / Аргымагым минди, деп, / Катын-кыздын баарысы, / Күн тийбеген жерлерде, / Саманкана,кепеде, / Саргарып өңдөн азды, деп, / Сарсана болуп жатты, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Кепечелик үйү жок, / Керилип жатар төшөк жок, / Тарсылдап мөндүр урганда, / Маанектерге үңкүр жок, / Каран күн башка түшкөндө, / Каргадай жалгыз жолдош жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жапандын жайы мамындай, / Камыштан салган кепелер, / Тентип жүрчү немелер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бейшемби келгенде биз кепеге чөп үйүп жатканбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →