кенч
- Мол байлык, түгөнбөс казына, байлыктын кени.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңүңдө көрсөң жыланды, / Тирүү койбой жанч деген, / Түшүңдө көрсөң жыланды, / Табылбаган кенч деген, / Адал жубай Акмаңдай, / Мага көргөн түш экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жедигерге жетипсиң, / Жеткире айтып кетипсиң, / Эми маминтип жүрөсүң, / Кенчин жерден көтөрүп, / Кеп билбеген кечилдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →