кенен
- Аянты, айланасы, ички көлөмү кең, кеңири, чоң.
- Кең-кесири, жетиштүү, мол, жетишерлик.
- өт. Кең пейил, март, берекелүү.
- Көтөрүмдүү, оор басырыктуу, чычалак эмес, ичи тарлыгы, көрө албастыгы жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ошол Алмамбет баатыр жол ачты, / Арбагы колдоп Манастын, / Эмгиче кыргыз келатты, / Канчоро чыгып каргаша, / Азыраак анда азгашты, / Хан Семетей, Сейтек, / Эр Кененим, Сейитим, / Кыргыз үчүн тер чачты, / Маңдайдан терин агызды, / Ченебей кылып намысты, / Асылбача жаш кетти, / Артында бала калбады, / Балалуу болмок турмайлык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…кага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…чан бир кылым” / Шаңкай деген кыргыздын, / Бир уруусу эл эле, / Жетисуу менен Коросон, / Ортосунда турчу эле, / Утур келип ал жерге, / Шаңкай кыргыз элдерге, / Кененимге айткын, деп, / Азабыңды тарткын, деп, / Адамына тийбеди, / Басып жүргөн тирүү мал, / Сандыктагы алтын зар, / Орого куйган эгин бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал анткени Айманбоз, / Кең сооруда майы жок, / Кез-кездеп душман качырса, / Кенен чуркап шайы жок, / Өзү чабал-алы жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кенен бир чай кайнам үгүттөдүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →