кемтик
- Кемиген, толук болбогон жери бар, жетишсиз, кемчил.
- Кетилген жери бар, тегиз эмес, бүтүн эмес.
- Кемчилдик, айып, анча жете бербеген, ойдогудай болбогон жери бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чойулуп кеткен турбайбы, / Мурунку күнкү урушта, / Үзөңгү боосун кыскартып, / Керек болчу шаймандын, / Жыртык жерин жаматып, / Кемтик жерин куратып, / Үзүлгөнүн улатып, / Кем-керчи жок камдаган, / Аттанып чыкты Жагалмай, / Ач арстандай кыргыздан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чогулалы бир туруп, / Бөлүнбөйлү бузулуп, / Азыркысын Шоорук хан, / Акылын ойлоп жетилсин, / Артыгы болсо кечирсин, / Кемтиги болсо бүтүрсүн, / Эмне үчүн келгенин, / Эми ойлоп түшүнсүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…нып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын кыйратып, / Жоонун кесип сулатып, / Кемтигине куратып, / Кыскасына улатып, / Төрт кыр кылып кынатып, / Башын ташка мадатып, / Темир менен кадатып, / Кош араба өткөндөй, / Эт бышымдын ичинде, / Көпүрөнү бүт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сендей болуп Куткарбас, / Кемтик болсо бир күнү, / Чын айткан экен Тапан хан, / Деп ойлонсо Куткарбас, / Мени жаман көрсөтмөк, / Кыйалыңбы, Тапан хан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кемтигиң жок колуңда, / Керектүү нерсең бар болот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →