кеми

китептерде 58 жолу, 9 китепте
  1. Сан, көлөм жагынан аз, кем болуу, азаюу, мурдагы толук абалынан өзгөрүү, кем болуу.
  2. өт. Мурдагы күч-кубатынан, кадыр баркынан, максатынан таюу, абалы өзгөрүү, төмөндөө, басына баштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эркин өскөн алаштын, / Эминеден кеми бар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек анда үйдө жок, / Гүлнарды ээрчитип, / Урумга кеткен болучу, / Кара дөөнүн кептерин, / Баарын айтты калтырбай, / Кутургурдун эрдигин, / Жайын айтты жашырбай, / Өөдө сүйлөп оргутуп, / Ылдый сүйлөп кемитпей, / Чынын айтты ашырбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Нар болбосо, төө болсун, / Ургаачысы болбосун, / Кары аралап калбасын, / Арыгы анда барбасын, / Миңден санын кемитпе, / Убада кыл беришке, / Ортосу алыс, жол чалыш, / Кыргыздан киши чыкпайт го, / Жылда мында келишке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →