кемер2

китептерде 90 жолу, 8 китепте кемер 1 →
  1. Суу жеп кеткен жээк, жар, жарча.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын каркайтып, / Тоногон төөдөй тартайтып, / Талаага чыгып топ кылып, / Кыйан жыйган чабардай, / Кемерге жыйып тоо кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Аңырайган жол кылып, / Саранжанын кошууну, / Тең жарымы кырылып, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эркекче кийим кийинип, / Белине кемер илинип, / Көзүнө сурма / тартынып, / Көзүнөн улам жаш чыгып, / Аарчыган болуп сурманы, / Көзүнүн жашы аарчынып, / Адагы келип турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өлбөгөнүн билбеди, / Өкүм өскөн эр неме, / Дарбазанын башына, / Кемеринен илгени, / Кылчайып артын карабай, / Кара кошуун элдерге, / Кайрылып жетип келгени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сараланы Алмамбет, / Дем өткөрүп алсын деп, / Ал дагы түшүп атынан, / Борончунун кол тартпай, / Кемерден алган дартынан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →