кеме

китептерде 10 жолу, 7 китепте
  1. Жүк ташуу, балык же башка деңиз айбандарына уу кылуу, согушка колдонуу үчүн ылайыкталган ири суу транспортунун жалпы наамы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылаңайлак, жылаңбаш, / Кийими жок жылаңач, / Чылбардай бар өргөн чач, / Жылдыздай көзү жылтылдап, / Уйдай мууну шылкылдап, / Эшектей кулак делдейип, / Оозу чолок кемейип, / Алдынкы эрди телпейип, / Келип турду майданга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кең деңиздей жомокту, / Кемечен кечтим, арыдым, / Кара чачым агарып, / Жетимиш ашып карыдым, / Улуу дастан “Манасты”, / Отуз жыл айттым узартып, / Жаагым качан талыдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Анда-санда Алмамбет, / Жаш баладай эрбеңдеп, / Маңдайында жүргөнсүйт, / Бирдеме кылып делдеңдеп, / Жер айланып жаткансыйт, / Буту өөдө чыккансыйт, / Суу бетинде кемедей, / Толкун жарып жылгансыйт, / Акылын жыйып байкаса, / Агеркеч жары тургансыйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутула албай Сейиттен, / Кургак жерди көл кылып, / Кеме кылып чырпыкты, / Чыкпай жердин бетине, / Келдим сенин жериңе, / Караан тутуп тал кармап, / Качып келдим элиңе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өлүгүн жерден ала албай, / Ак кепиндеп, аруу жууп, / Өкүрүп ыйлап, кеме албай, / Табалбай аны биз койдук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →