кем

китептерде 278 жолу, 10 китепте
  1. Саны, көлөмү ж. б жагынан толук эмес, аз, кемиген, жете бербеген абалда, кемчилдиги бар.
  2. Акыл-эси, кадыр-баркы, жүрүм-туруму ж.б. жагынан башкалардан төмөн, өз катарындагыларга тең эмес.
  3. Ондуктан, жүздүктөн, миңдиктен турган төгөрөк сандарга канчасы жетпегендигин көрсөтүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Касташканды кем кылдың, / Кара жерге тең кылдың, / Калмактан келген Калдайды, / Мен- мен деген чанданды, / Баарысын жалмап жеп койдуң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Душманга барса аттанып, / Сен экөөңдү бел кылды, / Жети хан аргын ногойго, / Сен экөөңдү хан кылды, / Душманыңды кем кылды, / Тууганыңа бел кылды, / Семетей сага, Канчоро, / Кай жеринен тайгылды?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Мен ушундан кантип кем калайын? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →