келки
- Жазы, туташ, бир бүтүндөн турган, өзүнчө бир тилке болуп саналган.
- Чакан, чак, кичине.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алмамбетке караган, / Жергенин Сарыталаага, / Жергелеп тартып конду эле, / Шык алып ногой толду э…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мен көрөмүн силерди, / Кош көзүмдөй бир келки.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →