келиш

китептерде 198 жолу, 10 китепте
  1. Бирине бири макул болуу, пикири, ою бирдей чыгуу, бир бүтүмгө келүү, макулдашуу.
  2. Бири-бири менен таттуу мамиледе болуу, бирине-бири көнүп, ынтымакташуу, таттуулашуу.
  3. Жарашуу, ылайык келүү, төп келүү, келишимдүү болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шаңкайдын малын берсин, деп, / Саламат менен Ачакан, / Катары менен өлдү деп, / Буларды кайта жумшайын, / Жакшы кепке келишсе, / Жаңжалдашып жүрбөйүн, / Дабытай менен салышып, / Калдаңдашып жүрбөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жедигердин көп эли, / Тегеректеп келишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кайта мен да ичимден ошолордун келишин тилеген кишидей алар келсе ушул көңүлсүз, сур өмүрдүн жымжырттыгы чакчелекей бузулуп, өзүм эки таалай жолдун бирине түшүүчүдөй болуп, алда кандай бир белгисиздикке көңүлүм толкунданат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келишти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →